Коом

Талашка түшкөн “Даймонд сити” турак жай комплекси. Кытайлык шектүү инвесторлорго чара көрүлөбү?

Кыргызстан инвестициялык жагымдуу климат түзүүгө жана тышкы инвесторлордун келишине кызыкдар. Бүгүнкү бийлик бул жаатта иштөөгө чечкиндүү киришти жана ага ылайык өлкө мыйзамдарын инвосторлорду коргоого бурууда.

Бирок тышкы инвестор атына жамынып, кара ниет менен жергиликтүү бизнесмендерди тоноо максатын көздөп келген чет өлкөлүктөр да жок эмес. Буга көп жылдан бери соттун столунан түшпөй  келе жаткан “Даймонд сити” турак жай комплексине байланышкан иш далил.

Шектүү инвесторлор

Бишкектин Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, 2016- жылдан тартып эксплуатацияга берилген турак жай комплексине байланышкан чыр жүздөгөн үй-бүлөнү үй-жайсыз калуу коркунучуна кептеди.

Көп кабаттуу үйлөр курулган жер Рустам Воинов негиздеген “Б.Л.С.” курулуш компаниясына  таандык болгон. Воинов 180 батирлүү көп кабаттуу үй курууну долбоорлоп, дубалын 6-кабатка чейин тургузуп койгон маалда Кытайдан келген инвесторлорго жолугат. Алар: бизнестерди тартып алууга ыктуулугу менен  Кыргызстанга бир катар чуулуу иштер менен таанымал болуп калган Гао Жин Вей менен Чен Мао Чун.

Бул эки кытайлык инвестор кийинчерээк белгилүү болгондой, ак ниеттүү инвестор катары өлкөгө кирип, кайсы бир бизнеске каражат салып жаткандай түр көрсөтүп, жыйынтыгында бизнес-өнөктөшүн сызга отургузуп, бизнесин тартып алып келишкен. Ошол эле “Баткен Майнинг Компани” ЖЧКсы, “Синхуа” ресторанынын тегерегиндеги ызы-чууда бул инвесторлордун аты аталат. Бирок ал маалда Рустам Воиновдун кытайлыктардын чыныгы ниетинен кабары жок болгондуктан, инвесторлордун курулушка чоң көлөмдөгү каражат салуу сунушун кабыл алып, бул багытта чогуу иштөөгө келишим түзүшкөн. Курулуш иштерин андан ары кытайлык инвесторлор уланткан. Баары баштагы долбоордон башкача өнүккөн – 180 батирге ылайыкталган аянтка 286 батирди батырышкан. Андан соң 51 батирди үлүштүк бөлүк менен сатышып, курулуш ошол батирлердин акчасы менен толук жабылган. Эң арзан курулуш материалдары колдонулуп, жашоого керектүү шарттар толук кандуу түзүлбөгөн. Инвесторлордун максаты жарандарды сапаттуу турак жай менен камсыздоо эмес, аз чыгаша менен көп киреше алуу болгондуктан ушундай кадамга барышкан. Ошентип, 2016-жылдан тартып үй сатыкка чыгарылган. Ооба, батирлердин чарчы метри азыркы баага салыштырмалуу арзан сатылган. Бирок ал кездеги рынок баасы ошондой болчу, анын үстүнө сапаты жакшы эмес батирлерди кымбат баага эч ким сатып алмак эмес.

Так ушул учурда, Рустам Воинов өзүнүн курулуш компаниясы эми ага таандык эмес экенин билет. Кытайлык бизнес-өнөктөштөрү 5 миллион долларга сатып алдык деген жасалма документ, жасалма кол тамга аркылуу эчак эле аны четке чыгарып, жасалма документти Кыргызстандын Юстиция министрлигинен өздөрүнүн пайдасына каттоодон өткөрүп койгону ачыкталат. Ишкер мыйзамдуу өлкөнүн жараны катары сотко кайрылат. А  сот (судья Элвира Жаркеева) Воиновдун доо арызын канааттандырат. Акыйкаттуулук жеңди, мүлк ээсине кайтты.

Бирок  ушул жерден көп жылга созулган соттук чыр да башталды…

Жабырлануучу күнөөлүүгө айланганда

Кытайлык инвесторлор (аларга жардам берген айрым таасирдүү кыргызстандык чиновниктер) кайрадан оюнга аралашты. Воиновдун үстүнөн сотко кайрылышып, мыйзам чегинде чечим чыгарган судья Элвира Жаркеева, ““Б.Л.С.” ЖЧКсына юридикалык колдоо көрсөткөн Р.Маманов жана М.Анарбеков (Р.Мамановдун кызматкери) айыптууга айланып, темир тор артына кетишет. Ал эми буга чейин дагы бир катар рейдерлик аракеттерин тымызын ишке ашырып жүргөн инвесторлор эркиндикте калышты. Алар 51 батирди сатышты, аны менен курулушка салган каражаттарын толугу менен чыгарышты. Ага кошумча – курулушка кеткен каражатты 34 миллион доллар деп көрсөтүштү. Бул акчаны курулуш компаниясын кайтарып алган кыргызстандык ишкердин төлөп беришин талап кылышты. Анткен менен акыйкаттуулук жеңди. Камалгандар чыкты, мүлк ээсине кайтты. Бирок окуя ушуну менен бүттү десеңиз жаңылашасыз.

Чындык чыкты, калп кайнап жатат

Эми “Даймонд сити” турак жай комплексине кайтып келели. Сатыкка чыгарылган эки жылда батирлердин баары ээлерин тапкан. Бирок бир нече жылдан бери жашоочулар ийненин үстүндө отурушкандай жашап келишет. Анткени жогоруда аталган кытайлык инвесторлор кайрадан сотко кайрылышып, бул сапар кыргызстандык ишкерлерден зыянды төлөтүүнү да, ага кошумча аталган көп кабаттуу үйгө болгон жеке менчик укугун да кайтарып алууну көздөшүүдө. Мындан улам турак жай комплексиндеги батирлер камакка алынган. Жашоочулар үйлөрүн сата да, ижарага бере да албай, кайсы күнү келип “үйдү бошот” деген буйрук болот деген коркунучта жашап келишет. Белгилей кетчү нерсе, кытайлык инвесторлор бул үйлөрдү курууга 55 миллион доллар сарпталганын көрсөтүшкөн, а бирок жакынкы жылдарда өкмөттүк экспертиза өткөрүлүп, үйдүн бүгүнкү(!) рыноктогу баасын 4,5 миллион доллар деп эсептешкен.

Гао Жен Вей курулушка салдым деп көрсөткөн каражат кайда кеткени ошол эле кытайлык башка инвесторлор арасында айтылып жүргөнү маалым. Алматы шаарындагы казинодо ири суммадагы акча уттурган инвестор аны ордуна коюунун жолун зыянды эки ирет төлөтүп алуу менен тапты. “Б.Л.С.” курулуш компаниясынан 3,5 миллиард доллар зыян төлөп берүүсүн талап кылып, ошол эле маалда көп кабаттуу үйгө менчик укугун өзүнө кайтарып алса, батирлерди кайрадан сатып, ал жагынан да каражатка ээ болуу ниетинде турганы талашсыз.

“Даймонд ситинин” тургундары 2016-2017-2018-жылдары батирлерди жарнамалардан көрүп келип, юристтер аркылуу документтерди текшерткенден кийин гана мыйзамдуу сатып алышканын айтышууда. Демек, бул батирлер мыйзамдуу ээлеринин карамагында. Анда жашаган ар бир адам маңдай тери менен таап, топтогон акчасына үй сатып алган Кыргызстандын карапайым жарандары.

Сөз соңу

Акыйкаттык тышкы инвестор же жергиликтүү экениңе жараша аныкталбашы керек. Кыргызстандын учурдагы бийлиги акыйкаттуулукту, мыйзамдуулукту башкы орунга койду. Ар бир аракет мыйзам чегинде болушу талап кылынып, мыйзамсыз аракеттер катаал жазаланууда. Буга чейин соттун чечимдерине жана башка маанилүү маселелерде тараза ташы кайсы бир даражалуу чиновниктин кийлигишүүсү менен бир тарабына ооп турса, азыр андай көрүнүштөр түп-тамырынан бери кыркылып жатат. Демек, “Даймонд сити” турак жай комплексине байланышкан чырга дагы акыйкат чекит коюулаары талашсыз. Турак жай комплексинин тургундары мыйзамдуу жеке менчик ээлери. Кайсы бир инвесторлор рейдерчилик көнүмүш адатына салып кыргызстандык жарандардын тынчтыгын бузууга мүмкүнчүлүгү жок. Учурда мыйзам үстөмдүгү орногон, карапайым жарандардын, ак ниет ишкерлердин укугу мамлекет тарабынан коргоого алынууда. Ошондуктан, көп жылдан бери чыры түгөнбөй келген кытайлык инвесторлор бул сапар мыйзам чегинде жообун алып, кыргызстандык ишкерлерден колун тартат деген ишеним чоң.

Булак: Майда.kg гезитинен кыргызчага которулуп алынды

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button