Маданият
Кыргызстанда “Оскар” сыйлыгына ат салыша турган тасма тандалат
Кыргызстандын атынан абройлуу «Оскар» сыйлыгына ат салыша турган тасма жарыялана турганын Маданият министрлиги кабарлады.
Иш-чара бүгүн, 23-августта, Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө болот.
Кыргыз тасмалары «Чет тилдеги эң мыкты тасма» номинациясы боюнча көрсөтүлөт.
«Кыргыздын таланттуу кинорежиссерлору жараткан тасмалардын кайсынысы маданиятыбызды дүйнөлүк аренада таанытууга мүмкүнчүлүк алары белгилүү болот», — деп жазылган маалыматта.
«Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында легендарлуу Лос-Анжелестеги Dolby театрында өтөт.