Коом
Экономика министрлиги камсыздандырылбаган үйлөрдүн жарыгын өчүрүү демилгесин артка кайтарды
Кыргызстандын Экономика министрлиги өрттөн жана өзгөчө кырдаалдардан камсыздандырылбаган үйлөрдүн жарыгын өчүрүү демилгесин артка кайтарды.
Буга чейин министрлик жарандарды камсыздандыруу полисин сатып алууга түрткү берүү үчүн электр жарыгын өчүрүүнү сунуштаган. Бул демилге коомчулукта түрдүү нааразычылыктарды жаратты.
Бүгүн Экономика министрлиги өкмөттүн токтом долбоору азырынча коомдук талкуудан алынганын билдирди. Жүйөсү: “токтом долбоорун жакшыртуу зарылдыгына байланыштуу же актуалдуулугун жоготкондуктан”.



