Коом

“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору боюнча 1, 97 млрд сом жеңилдетилген кредит берилди

2024-жылдын 10-майына карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” Долбоорунун алкагында республиканын 4 890 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 1 974,1 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.  Бул тууралуу Финансы министрлигинин  маалымат борборунан билдиришти.

Анын ичинде:

— “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 1 780,8 млн сом суммасында 4 277 субъектти түзөт;

 — “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 193,3 млн сом суммасында 613 субъектти түзөт.

Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд сом суммасын түзүүдө.

2024 – жылдын 10-майына карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат. (млн сом)

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button