Коом
Багуучу адамынан айрылган студенттер пенсияны кантип ала алышат?
Бүгүн, 4-сентябрда Социалдык фонд билим берүү уюмдарынын студенттерине тиешелүү пенсиялык системадагы жаңы өзгөртүүлөрдү жарыялады.
Андагы маалыматка таянсак, эми билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги студенттер, аны менен катар Кыргызстандан сырт, чет өлкөлөрдөгү окуу жайында билим алып жаткандар багуучу адамын жоготкон маалда окуусун аяктаганга, бирок 23 жаштан жогору эмес куракка чейин пенсия ала алышат.
18 жашка чейинки билим алуучулар багуучусун жоготуу боюнча пенсияны окуу жайдан тастыктама көрсөтпөй эле ала алышат. Буга чейин мындай тастыктама 16 жаштан кийин милдеттүү түрдө көрсөтүлчү.
18 жашка чыккандан кийин атайын кесиптик, орто жана жогорку окуу жайларында билим алып жатканы тууралуу тастыктама көрсөтүү зарыл болот.