Коом
Кыргызстандык кинорежиссердун тасмасы эл аралык фестивалда сыйлыкка татыды
Кыргызстандык кинорежиссер Тынчтык Абылкасымовдун «Error 404» тасмасы «Чыгыш&Батыш. Классика жана Авангард» XVII эл аралык кинофестивалда сыйлыкка татыктуу болду. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясы билдирди.
Маалыматка караганда, кинофестиваль Россиянын Оренбург шаарында өткөн жана кыргызстандык кинорежиссерго Оренбург облусунун губернатору Алексей Саморядовдун атынан «Мыкты сценарий» сыйлыгы тапшырылган.
«Error 404» тасмасынын сюжети: 30 жаштагы Эмил «Детектор лжи» деп аталган полиграф кызматы боюнча адис жана эксперт. Бир күнү сүйүктүү айымына шеги пайда болуп, аны детектордон текшерип көрүүнү чечет.