Коом
Дастан Бекешев 1 миллиард сомго автобус сатып алууну сунуштады

Депутат Дастан Бекешев автобустарды сатып алууга республикалык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүүнү сунуштады. Ал бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Депутат троллейбустарды Ош шаарына берүү чечимин туура эмес деп эсептейт. Анткени, ал белгилегендей, борбор калаада коомдук транспорт жетишсиз. Бирок микроавтобустарды жок кылуу туура чечим.
“2025-жылы автобустарды сатып алууга республикалык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүү керек. Мен бул акчаны кайдан алууга болоорун көрсөтүп бере алам”, — деди Бекешев.
Эске салсак, Бишкек мэриясы Ош шаарына 100 троллейбусту берүү чечимин кабыл алган.



