Без рубрики

ТИМ кыргызстандыктарды Россияга убактылуу барбай турууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандык жарандарды зарыл иши болбосо Россияга убактылуу барбай турууга чакырды.

Мекеменин басма сөз кызматы 5-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, бул Россиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилиши жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнө байланыштуу болууда.

Кыргыз жарандары зарылчылык болгон учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилигине +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047 телефондору аркылуу байланышса болот.

29-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Россиянын Бишкектеги элчиси Сергей Вакунов менен жолугушуп, кыргыз мигранттарына карата текшерүүлөрдүн күчөшүнө тынчсыздануу билдирген.

Март айындагы «Крокус Сити Холго» жасалган кол салуудан кийин, Россияда мигранттарга каршы рейддер, басым-кысым күчөгөн. Буга терактты уюштурууга шек саналып камалгандардын дээрлик баардыгынын теги борбор азиялык экени түрткү болду.

Мындан улам Борбор Азиянын бир катар мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан жарандарын Россияга барбай турууга чакырган.

ТИМдин маалыматында, соңку 1,5 жылда Россиядагы кыргызстандыктардын саны 400 миңге чейин кыскарган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button