Коом
Кыргызстандагы мыкты мектеп аныкталды

«Мыкты мектеп» наамына ат салышкан республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылганын Билим берүү министрлиги кабарлады.
Сынакка 122 мектеп катышкан.
Тандоо коомчулукка жана кызыкдар билим берүү уюмдарына алдыңкы мектептердин алдыңкы тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу жөндөмүн көрсөтүү максатында өткөрүлдү.
Жыйынтыгында 2023-2024-окуу жылындагы мыкты бааны Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы №1 Мойдунов атындагы мектеп алды.
Өткөн жылы Ысык-Көл облусундагы Тоң районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектеп “Мыкты мектеп” наамына ээ болгон.



