Кыргызстанда 20-25 кабаттуу үйлөр курулууда, өрт өчүрүүчү техникалар жетиштүүбү?

Бүгүн Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашев Бишкек жана Ош шаарларында 20-25 кабаттуу үйлөр курулуп жатканын белгиледи.
Мындан улам депутат кокус кырсык болуп кетсе өрт өчүрүүчү техникалары ылайыктуубу деген суроо узатты.
«Өрт өчүрүүдө колдонула турган тепкичтердин жоктугуна күбө болгонбуз», — деди ал.
Өрт өчүрүүчү кызматынын жетекчисинин орун басарынын айтымында, техника жетиштүү. 50 метрлик жана 54 метрлик тепкичтер бар.
Өзгөчө кырдаалдан министринин орун басары Эделбек Кулматовдун айтымында, учурдагы тепкичтер 16-кабатка чейин жетет. Ал эми өрт өчүргүч машиналар 100 пайыз жаңыланган.
«Азыр 12 кабаттуу, 25 кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Бишкектеги магистралда 45 кабаттуу борбор курулаары айтылып жатат. Биздеги техника 45 кабатка жетпейт. Бирк ал жакта ички өрт өчүрүүчү система, гидрант жасалат, баары каралган», — деди Кулматов.



