Коом

Үйдү оңдоо иштеринде акчаны кантип үнөмдөө керек?

Ар бир адам жашоосунда бир канча жолу үйдү оңдоп-түзөө түйшүгүнө туш келет. Курулуш материалдары кымбат учурда үйдү оңдоодон өткөрүү нечендеген каражаттын башын жеши анык. Ошондуктан дизайнерлердин каражатты үнөмдүү пайдалануу менен үйдү көңүлдөгүдөй жаңылоо боюнча кеңештерин топтодук.

1. Жөнөкөй пландаштыруу

Пландоодо жөнөкөй эрежелерди кармануу дубалдарды жана тосмолордун санын азайтууда турат. Алар азайса, эшиктер аз болот, дубалга сырдалчу сыр, акитаж, туш кагаз сыяктуу чыгымдар азыраак кетет. Ошону менен катар мындай үйдө бош орун дагы көбөйөт. Дизайнерлер батирди оңдоодо ашкана менен мейманкананы бириктирип салууну сунушташат. Же тамактануучу бөлмө менен холлду. Мындай орундарды гүл, фактур, эмеректер менен бөлүп коюуга мүмкүн.

2. Дубалдарды кымбат эмес материалдар менен каптоо

Дубалды  сырдаганга караганда  туш кагаз менен чаптоо арзан түшөт деп ойлошот. Ал дубалдын бетин тегиздөөнү талап кылбаганынан улам болот. Бирок дизайнерлер бул вариант тескерисинче көбүрөөк чыгымды талап кылаарын айтышат. Анткени эртеби – кечпи дубалдын айрым жерлерин так пайда болгондон же механикалык зыян келтирилгендиктен жаңылоого туура келип калат. Ал үчүн бөлмөдөгү бардык туш кагаздарды сыйрып, ордуна башканы чаптоо зарыл. Дубалдарды кадимки түстөгү жуулучу сыр менен боену тандаңыз. Кокус дубал кирдеп калса, жууп коюу менен чектелесиз. Кийинчерээк башка түскө боеп салсаңыз да болот.

3. Кымбат эмес пол

Дизайнерлер жуунучу бөлмөдөн башка бөлмөлөргө бир материалдагы полду жапкыч алууну сунушташат. Бир материалды канчалык көп көлөмдө алсаңыз, аны арзандатып алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук көбөйөт.

4. Жарыктандыруунун эки сценарийи

Жарыктандыруу сценарийлери көбөйгөн сайын оңдоо иштерине кетчү чыгым да ошончолук көбөйөөрүн эске алыңыз. Мунун баары электр зымдарын өткөрүү иштеринин көбөйүшүнө байланыштуу. Ошондой эле зымдар, розеткалар жана өчүргүчтөр да көп керектелет. Ошондуктан бюджеттик ремонтто “жумушчу негизги жарыктандыруу” жана “эс алуу жарыктандыруу” гана керектелерин дизайнерлер белгилешет. Жумушчу үчүн күчтүү жарык менен оюктарды жана үстүңкү лампаларды орнотуу жетиштүү. Аларды курулуш материалдары сатылган дүкөндөрдөн оңой эле табууга болот. Ал эми экинчи жарыктандыруу үчүн бир эле кооз торшерди тандаңыз.

6. Зарыл материалдарга туура эсеп

Курулуш бригадасынын материалдар боюнча чыгым эсебин сөзсүз түрдө текшериңиз. Мисалы, сырдоодо дайыма бир литр сыр бир чарчы метрге деп эсептелет. Ошондуктан бөлмөнүн периметрин өлчөп, аны дубалдын узундугуна көбөйтүңүз жана терезе менен эшиктердин аянтын караңыз. Ушинтүү менен дубалдын сырдала турган аянтын так аныктап аласыз дагы ага канча банка сыр кетерин билесиз. Ошону менен катар канча таңгак туш кагаз кетери да аныкталат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button