Саясат

Акаевдин экс-президенттик статусун кандай чыгымдар коштойт?

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңешке президенттик макамын кайтаруу боюнча кат жолдогон. Бул коомчулукта катуу талкууга алынды.

Тарыхчы Кыяз Молдокасымовдун пикиринде, Акаевге экс-президенттик макамды кайтаруу туура келбейт.

«Аксыда элге ок атуунун анабашында турганы үчүн Акаевге экс-президенттик макамын кайтармак түгүл, өмүр бою абакка отургузуу да аздык кылат! Мамлекетке жасаган башка кыянат иштерин айтпай эле коелу», — деп жазды.

Тарыхчы медалдын экинчи тарабына да токтолуп, экс-президент макамы менен кошо мамлекет чыгымга да кептелээрин белгиледи.

«Акаевдин Кыргызстанга келип жашашына эч ким каршы эмес. А бирок экс-президент макамын алса, жансакчы, мамлекеттик камсыздоо, Ала-Арча резиденциясынан особняк, 100 миң сомдой пенсия берилиши керек. Анан биринчи президент катары Эл баатырын берүү маселеси коюлат. Экске кеткен бир жылдык чыгым 5 миллион сомдун тегереги болот», — деди.

Аныгында экс-президент макамы аны алган адамга бир топ артыкчылыктарды берет.

Биринчиси, кол тийбестик. Президенттик ишмердүүлүгү учурунда аракети же аракетсиздиги үчүн кылмыш иши козголбойт, камалбайт, куугунтукталбайт.

Экинчи, мамлекеттик кайтаруу. Экс-президент өлкө ичинде өмүр бою жогорку сапаттагы мамлекеттик кайтарууга алынат.

Үчүнчү, өмүр бою ай сайын каржы алып турат.

Төртүнчү, акысыз медициналык жардамды өзү, жубайы жана карамагындагы эрезеге жете элек балдары алат.

Бешинчи, мамлекеттик дача берилет жана ага өмүр бою жашоого акылуу. Ошондой эле абамайдандарда VIP-залдарын пайдаланат.

Алтынчы, өкмөттүк байланыштарды колдоно алат.

Жетинчи, экс-президент каза болгондон кийин анын үй-бүлө мүчөлөрүнө ай сайын жөлөкпул дайындалат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button