Коом

Нурбек Абдиев баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын отурумуна катышты

2021-жылдын  30-ноябрында гибриддик форматта Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча компетенттүү органдардын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин (ЖККУ КТК) 23 отуруму болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Отурумдун ишине ЖККУнун Башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков, Армения Республикасынын, Беларус Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Россия Федерациясынын финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматы катышты.

Кыргыз Республикасынан ички иштер министринин орун басары Н.Абдиев жетектеген делегация катышкан.

Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар пандемия шартында, ошондой эле Афганистандагы кырдаалдын өзгөрүү шартында баңгизаттарга каршы биргелешкен ишти активдештирүү зарылдыгын баса белгилешти.

Катышуучулар маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга каршы аракеттенүү жана Интернет тармагында баңгизаттарды пропагандалоо максатында күч-аракеттерди андан ары бириктирүү зарылдыгын тастыкташты. Ошондой эле укук коргоо ишмердүүлүгүнүн натыйжаларына жана баңгизаттарга байланыштуу абалды туруктуу мониторинг жүргүзүүнү улантууга маанилүүлүгү баса белгиленди.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча ЖККУнун мүчө — мамлекеттеринин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча компетенттүү органдарынын өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен чечимдер кабыл алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button