Коом

Кадамжайда милиция кызматкерлери мигранттардын балдары менен жолугушууда

Кадамжай РИИБдин демилгеси менен балдар менен иштөө инспекторлору социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Кадамжай районунун аймагында үймө-үй кыдырып, жашоочулар менен жолугушууда.
Жолугушуунун максаты Кадамжай районунун аймагында сырткы жана ички миграцияга кеткен ата-энелерди жана алардын балдарын тактоо. Ар бир үйгө кирип мигранттардын балдарын тактап, алардын социалдык абалы жана коопсуздугу боюнча текшерүүлөрдү жүргүздү. Үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу, балдардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө боюнча үй ээлерине түшүндүрүү иштерин өткөрдү.


Бүгүнкү күндө Кадамжай району боюнча сырткы миграцияда жүргөн ата-энелердин саны 2614. Сырткы миграцияга кеткен ата-энелердин балдарынын саны 8098. 2022-жылдын 11 ай ичинде мигранттардын балдары тарабынан жасалган кылмыш болгон эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button