Коом

Билим берүү министрлиги: Сабактан тышкаркы убакта болгон окуя үчүн мектеп жоопкерчилик албайт

Билим берүү жана илим министрлиги Сокулук районундагы Комсомол айылындагы мектептин 9-классынын окуучусунун өлүмү боюнча маалымат таратты.

Белгиленгендей, окуя 5-сентябрда окуудан тышкаркы убакта болгон.

“Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренеси боюнча ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) окуу маалынан сырт учурда жана билим берүү мекемесинин аймагынан башка аймакта окуучунун ден соолугу жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик алышат”, — деп билдирет министрлик.

Министрликтин маалыматына караганда, ал күнү сабактан кийин окуучулар үйлөрүнө тарашкан. 9-класстын окуучусу, 2008-жылы төрөлгөн Б.С. мектептен болжол менен 2 чакырым алыстыкка теңтуштарын чогулткан (болжол менен 25-30 адам). Өспүрүмдөр ич ара маселесин чечкенден кийин 20 окуучу кетип калышкан. Андан кийин  Б.С. калган балдарды катарга тургузуп алып сабаган. 2009-жылы төрөлгөн  Э.А. өзүн жаман сезип, эсин жоготкон. Өспүрүмдөр ага жасалма дем алдыруу жасашкан, бетине суу чачышкан, бирок ал эсине келген эмес, ошондо тез жардам чакырышкан.

Б.С. кармалып, Сокулук райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Сокулук РИИБи тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button