Камсыздандыруудагы каражатты жарандар кандай учурда ала алышат? Финкөзөмөл башчысы жооп берди

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева Финкөзөмөлдүн жетекчисине камсыздандыруу сыйлыгын кантип эсептешери тууралуу суроо берди.
Финкөзөмөлдүн жетекчиси Марат Пирназаров камсыздандыруу сыйлыгы өкмөттүн 2010-жылдагы токтомунун негизинде эсептелерин айтты.
Ал белгилегендей, мындай ишмердүүлүктүн категориялары боюнча коэффициенттер бар: тоо-кен тармагы, билим берүү, өңдүрүш өнөр жайы. Ар бир тармак боюнча коэффициенттер аныкталган.
“Биз 10 миллион сомдук эмгек акы фондун моделдедик, анын негизинде категориялар боюнча коэффициенттерди эсептеп чыктык”, — деди ал.
“Камсыздандыруу суммаларын келечекте башка иштерге колдонууга болобу? Мисалы адам ооруп калса же тез арада операция жасатуу керек болсо, ал бул акчаны иштете алабы? Же бир гана өлгөндө, майыптык алганда же өндүрүштө жабыркаганда ала алабы?” – деп сурады Садырбаева.
Буга жооп катары Пирназаров эгерде адам камсыздандырылгандан кийин өндүрүштө кырсыкка учураса колдоно алаарын айтты.
“Ал эми башка учурда ооруп калса, акчаны ала албайт. Буга ФОМС аркылуу гана уруксат берилет”, — деди ал.



