Мыкты кызматкерлерин “жоготкон” жетекчинин 9 жоругу

Айрым учурда жумуш берүүчүлөр тарабынан мыкты кызматкерлери биринин артынан экинчиси кетип жатканы боюнча даттанууларды угуп калабыз. Эгерде ушундай көрүнүш сиздин да мекемеде орун алып жатса, анда өзүңүздүн жетекчилик сапатыңызга бир көз чаптырууга убакыт келди деп эсептеңиз.
Бул көйгөйдү көп нерсеге байланыштырууга болот, бирок факт факт бойдон калат: адамдар жумуштан жумушу көңүлүнө туура келбеген учурда же жетекчи менен тил табыша албаганда кетет.
Бирок кырдаалга башка жактан көз салуу жана бир катар аракеттерди жасоо менен бул көйгөйдөн арылууга болот.
1. Ашыкча түйшүк
Ашыкча түйшүк – бул кызматкерди эмоционалдык чарчоого алып келет. Эгер сиз мыкты адистер менен иштешип жатсаңыз, аларды “акыркы ширеси” калгыча сыгып алып иштетүү азгырыгына жол бербеңиз. Мындай кадам кызматкерлерди туура эмес ойлонууга жетелейт, аларга жакшы кызматы үчүн жазаланып жаткандай сезилет. Андан тышкары ашыкча жумуш үйүү – эмгектин натыйжалуулугун төмөндөтөт. Стэнфорд университетинин акыркы иликтөөсү жумуш жумасы 50 сааттан ашкан маалда натыйжалуулук кескин төмөндөй турганын, а эгерде 55 сааттан ашса натыйжалуулук нөлгө теңелээрин көрсөткөн.
Эгерде таланттуу кызматкерлерге кошумча иш берүүгө туура келип калса, алардын макамын жогорулатыңыз. Эгерде андай кылбасаңыз, аларды иш чарчатат дагы, жыйынтыгында иштен кетүүгө аргасыз болушат. Ашыкча түйшүктү айлык акысын көбөйтүү, кызмат абалынан жогорулатуу же кызмат абалын өзгөртүү менен компенсация кылууга болот. Таланттуу адамдар башкаларга караганда көбүрөөк иштей алат деп ойлонбоо керек. Аларга өздөрүн мээнетине жараша баалай алган жумуш ордун таап алуу жеңил.
2. Жакшы иш үчүн мактоо жана сыйлыктын жогу
Бир караганда жакшы иш үчүн кызматкерди мактап, жонунан таптоо эч нерсеге арзыбай тургандай көрүнүшү мүмкүн. Айрыкча мыкты ички мотивациясы бар кызматкер үчүн. Бирок бул калп, анткени мактоо баарына жагат, ошол эле жумушка өзүн толук арнап койгон мыкты кызматкерге дагы. Жетекчилерге кол алдындагылар менен көбүрөөк баарлашып, кайсы бир жол менен алардын духун көтөрүп, ийгилиги үчүн сыйлап (мисалы, сыйлык берүү же эмгек жамаатынын алдында ыраазычылык билдирүү) туруу зарыл. Эсиңизде болсун, таланттуу кызматкерлерге бул нерсени тез-тезден жасап туруу маанилүү.
3. Адамдык камкордуктун жоктугу
Кызматкерлердин тең жарымы жумуштан жетекчилик менен ишенимдүү мамиле түзө албаганы үчүн кетет. Акылдуу жетекчилер профессионализм менен адамгерчиликтин балансын кармап турушат. Алар кызматкеринин ийгилигин бирге майрамдашат, жашоосунда кыйынчылыкка кабылган кызматкерине колдоо көрсөтөт, зарыл болсо шартына жараша иштеп турушуна макул болот. Мындай нерсе жат болгон жетекчилер мыкты кызматкерлери кетип жатканына даттануудан арылбайт. Сизден адамгерчиликти сезбегенден кийин адамдар сиз менен иштешүүгө макул болбосо керек.
4. Милдетти аткарбоо
Кызматкерге убада берип жатып, сиз же аны бактылуу кыласыз же көңүлүн чөгөрөсүз. Аны менен жумуштан кетишине жол ачасыз. Убаданы аткаруу менен сиз ишенимди бекемдеп, кызматкердин көз алдында бийиктейсиз, бул өтө маанилүү. Убададан баш тартуу менен сиз башкалардын ой туюму менен эсептешпеген жылмакай адам көрүнөсүз. Эгерде жетекчилик убадасын аткарбаса, эртеби – кечпи кызматкерлер дагы сөзүнө турбай башташат.
5. Ылайыксыз адистерди жумушка алуу жана өнүктүрүү
Жакшы, эмгекчил кызматкерлер жанынан өзүнө окшогон ак ниет кесиптештерди көргүсү келет. Эгерде жетекчилик жаңы кадрларды дыкат тандап алууга көңүл бурбаса, бул компанияда иштеп жаткан кызматкерлердин көңүлүн калтырат. Ылайыксыз кызматкерлерди алдыга жылдыруунун кесепети дайыма кайгылуу болот. Эмгек кылып бирок кызмат абалынан жогорулабай калган кызматкер ызаланат дагы, өзүн баалай ала турган жумуш ордун издеп баштайт.
6. Кыялга жетүүдөгү тоскоолдук
Таланттуу адамдар дайыма ишин ойлоп жүрөт. Аларда үмүт жана кыял бар, ошолор аркылуу алдыга умтулат. Бул умтулуу аларга жемиштүү эмгектенүүгө жана ишинен ырахат алууга өбөлгө болот. Көптөгөн жетекчилер кол алдындагыларды чектеп коет. Алар кыялга баткан кызматкерлер начар иштешет деп ойлошот. Бирок бул коркунуч негизсиз. Изилдөөлөр кыялга жетүү эйфориясы иштин натыйжалуулугун беш эсеге арттыраарын далилдеген.
7. Чыгармачылык аракеттерге жол бербөө
Таланттуу кызматкерлер эмнени колго албасын аны дайыма жакшыртууга умтулат. Эгерде сиз аларга аны жасоого жаңычылыктан коркуп жол бербесеңиз, анда кызматкерлер тез эле өз ишине кайдыгер болуп калат.
Корутунду
Эгерде сиз баалуу кадрларды кармап калууну кааласаңыз, өзүңүздүн аларга болгон мамилеңизди карап чыгыңыз. Эсиңизде болсун, талан тандоонун чектөөсүз мүмкүнчүлүгүн берет. Алар так сизди тандай тургандай кылыңыз.



