Коом

Чуулгандуу видео: Акыбал жөнгө салынгыча бала фостердик үй-бүлөгө берилди

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги атасы урушуп видео тарткан баланын үй-бүлөсү менен иштөөнү баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Такталгандай, үй-бүлө Ош облусуна караштуу Алай районунда жашайт.

Баласын түн жарымда ойготуп, бөлмөдөн кубалап чыккан ата бул видеону Россияда иштеп жүргөн аялын чакыртып алуу үчүн тартканын милицияга билдирген.

Алай райондук билим берүү башкармалыгы балада сабоонун издери жоктугун аныкташкан.

Аны менен катар баланын укугун коргоо боюнча жеке план иштелип чыкты. Иликтөө жана үй-бүлөгө түшүндүрүү иштери соңуна чыкканга чейин бала фостердик үй-бүлөдө жашап турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button