Жарандар уюлдук телефон алдамчыларынын кайырмагына кантип илинишет?

Алдамчылардын кайырмагына илинген жарандар көбөйүүдө. Мындан улам «Кантип телефон алдамчылыгын жоюуга болот?» деген маселе күн тартибине чыкты. Бул жаатта тийиштүү органдар тарабынан кандай иштер аткарылып жатканын Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Эркин Маматибраим уулу Биринчи радиого берген маегинде белгилеген.
«Баарыбыз билип тургандай, онлайн-кредит жана эсеп ачтыруу сыяктуу тейлөөлөр өлкө аймагын камтыгандан тартып алдамчылар активдеше баштады. Бул жылы жабырлануучулардын көп арызы түштү. Негизинен, ар кайсы банктардан мобилдик тиркемелери жарандар жабыркашууда. Алдамчылар жарандын маалыматын кантип алышат? Тилекке каршы көп жарандар өздөрүнүн тиркемелеринин коопсуздугун сактоого анчалык көңүл бура беришпейт, ар кандай шилтемелерге киришет, месенджерлердеги билдирүүлөргө ишенип, ар кандай акчалай сыйлык койгон сынактарга катышып, сактыгын жоготуп алышат. Ошондой учурда алдамчылар жарандын маалыматына «доступ» алышат. Баарынан жаманы, жарандарга онлайн-кредит каттап коюшат. Жыйынтыгында, көп учурда кредттик капчык аркылуу акчалар чет өлкөлөргө чыгарылып кетет», — дейт Маматибраим уулу.



