Коом

УКМК: Ноокат шаарындагы 350 миллион сомдук административдик имараты бар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ноокат шаары, Кулатов көчөсү, №77 дарегинде жайгашкан «Ноокат автобекети» муниципалдык менчикке кайтарылды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында 2000-жылдары жалпы аянты 0,52 га болгон «Ноокат автобекети» жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган.

Аталган объектти сатуунун негизги максаты Ноокат районунун калкын автовокзал катары тейлөөнү камсыз кылуу, тиешелүү шарттарды түзүү, анын ичинде аймакты асфальттоо, айдоочулар үчүн кафе жана бөлмөлөрдү куруу жана оңдоо, жашылдандыруу ж.б. болгон. Бирок, ушул убакка чейин келишимде көрсөтүлгөн пункттардын бири да аткарылган эмес жана коммерциялык максатта колдонулган.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча автобекеттин азыркы ээлери Б. К., Ш.В., И.Ж., У.А.  жана О.Н.  мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын моюнга алышып, базар баасы 350 млн. сом административдик имараты бар жер тилкесин Ноокат шаарынын мэриясынын балансына ыктыярдуу түрдө өткөрүп беришти.

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button