Саясат

Ташиев: Мындан ары «Ата-Журт» партиясы шайлоолорго катышпайт

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына «Ата-Журт» партиясы эми шайлоолорго катышпай турганын жазды.

Белгилей кетсек, 17-ноябрь күнү өлкө боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлөт.

«Мага жеткен маалыматтар боюнча жер жерлерде депутат болом деген талапкерлер “Ата-Журт” партиясы менен катышабыз деген пикирлерин билдирип жатышыптыр. Айрым жердерде лидерликти жана тизмеде биринчиликти талашкандар болуп жатат экен. Арасында көпчүлүгү баягы эле илгертен бери бийликте тургандардын партиясы менен депутат болуп келип жүргөн жүздөр.

“Ата-Журт” партиясын түптөгөндөрдүн сап башында турган адам катары айтам: “Ата-Журт” партиясы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт. Эмне үчүн мындай чечимге келдим? “Ата-Журт” партиясы аталганда эле менин ысымым менен байланыштырышат. Ошондуктан мен мамлекеттик кызматта олтуруп алып партияны бул шайлоого катыштырсам туура эмес болуп калат. Керек болсо 2026-жылкы парламенттик шайлоого дагы катыштырбаймын. Албетте сиздер тараптан: “Анда эмне үчүн 2021-жылы парламенттик шайлоого катыштырдыңыз?”,- деген суроо болот. Чынымды айтсам ал убакта чырм эткенге убакыт жок иш менен алек болуп жүрүп, шайлоого деле көңүл бурган эмес экенмин. Партиянын мүчөлөрү келип: “Камчыбек Кыдыршаевич, уруксат берсеңиз “Ата-Журт” партиясы менен парламенттик шайлоого катышалы”,- деп сурангандарынан — “Мейлиңер”,- деп уруксат берип койгон элем. Эми мындан ары “Ата-Журт” партиясы шайлоолорго катышпайт. Ошондуктан урматтуу “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрү жана тарапташтары! Сөзсүз эле “Ата-Журт” партиясы менен депутат болуп келишиңер милдет эмес. Өзүңүздөр каалаган, көңүлүңүздөргө жаккан, эл үчүн күйүп-бышып иштеп бергенге даяр болгон партиялар менен шайлоого катышыңыздар. Кайсы партия менен шайланып келсеңер дагы эл үчүн иштеп берээриңерге терең ишенем. Мени туура түшүнөсүздөр деп ойлойм. “Бийликте туруп баардык аймактар боюнча партиясын өткөрүп келип алды” деген сөздөн алыс болуш үчүн ушундай кадамга бардым. Бир да партияга же кандидатка болушпайбыз жана башка мамлекеттик кызматкерлердин жардам берүүсүнө жол бербейбиз», — деп жазды Ташиев.

Ошондой эле ал элди татыктуу талапкерлерди туура тандап алууга чакырды.

«Ар бир талапкер боюнча “жети өлчөп бир кесиңиздер”. Коррупцияга жана криминалдык чөйрөгө тиешеси жок талапкерлерди тандаңыздар. Добушуңуздарды сатпаңыздар. Саткан адам да, сатып алган адам да жоопко тартыларын унутпаңыздар. Мындан ары Кыргызстанда кандай гана шайлоолор болбосун таза өтүш керек. Аны сиздер менен биригип баарыбыз камсыз кылалы. Мамлекетибиздин башчысы Садыр Нургожоевич экөөбүз таза шайлоо, таза коом, таза мамлекет курсак деген кыялыбыз бар жана ошол кыялыбызды орнотуп күчтүү, таза, бакубат Кыргызстаныбызды бекемдейбиз. “Ата Журт” партиябыз мамлекетибизге кандай кызмат кылганы тарых барактарында жазылып калат!», — дейт УКМК төрагасы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button