Коом

Улуттук коопсуздук комитети коомчулукка кайрылуу жасады

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин расмий эмес лакап аттары бар делген видеоматериалдардын жана басылмалардын медиа мейкиндигинде жайылышына байланыштуу төмөндөгүлөрдү маалымдайбыз.

Ведомствонун ишинде мыйзамда каралган кызматтык наамдар жана кызматтар гана колдонулат. Лакаптар жана формалдуу эмес белгилер жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт жана Комитеттин кадрдык практикасына тиешеси жок. Мындай белгилер расмий ишмердүүлүктүн чегинен тышкары келип чыгат жана ведомствонун позициясын чагылдырбайт.

Маалымат мейкиндигине ойдон чыгарылган лакап аттарды жана бурмаланган маалыматтарды камтыган монтаждалган видеороликтер жарыяланууда. Көрсөтүлгөн материалдар кызыкдар жактар тарабынан таркатылып, КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин ишине карата  туура  эмес коомдук пикирди калыптандырууга багытталган.

Комитет бул боюнча мыйзам чегинде катуу иш алып барат, кызматтык тартип жана кесиптик этика принциптерин карманат.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын расмий булактарга таянууга жана мамлекеттик органдардын аброюна зыян келтире турган такталбаган маалыматтарды мындан ары таратуудан алыс болууга чакырабыз.

Тектеш кабарлар

Back to top button