Коом

9 жаштагы кыз зордукталган иш ИИМ министринин көзөмөлүнө алынды

ИИМ жетекчилиги мындай кылмыштар кайдыгер каралбай турганына жана айыптуулар Кыргызстандын мыйзамына ылайык эң катаал жаза алаарын белгиледи.

Жети-Өгүз районунда 9 жаштагы кызды зордуктаган эки жаран камакка алынды.

9-сентябрда аталган райондук ички иштер бөлүмүнө айылдын тургуну кайрылып, анын кичинекей кызын эки адам сабап, зордуктап кеткенин билдирген. Анын айтымында, окуя ошол эле күнү саат 11.30дар чамасында Барскоон айылынын Көк-Сай тилкесинде болгон.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн тактап, 25 жаштагы О.А жана 19 жаштагы Э.Э. аттуу жарандарды кармашкан. Алар ошол эле айылдын тургундары болуп чыкты. Шектүүлөр эки айга камакка алынганы белгилүү болгон.

ИИМдин басма сөз кызматы бул кылмыш ички иштер министринин көзөмөлүнө алынганын жана тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүү тапшырылганын билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button