Видео — Эрулан Көкүлов мэр менен чырдашты: Менин статусум сеникинен жогору

ЖК депутаты Эрулан Көкүлов Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев менен тирешип кетти. Аны чагылдырган видео соцтармактарга тарады.
Депутаттын айтымында, жаңжалдашууга сапатсыз оңдолгон спорт мектеби болгон. Эл өкүлүнө жергиликтүү тургундар кайрылышып, мектепти оңдоо иштери сапатсыз жүргөнүнө арызданышкан. Көкүлов мэрди элдин даттанууларына жооп берүүгө чакырган. Мэр макул болуп келген. Бирок келгенден кийин мэр менен депутат уруша кетишкен. Максат Нусувалиев Көкүловдун маданиятсыз жүрүм-турумун айыптап, үн көтөрүп сүйлөөбөгө жана сүйлөшүп жатканда колду чөнтөктөн чыгарууга чакырган.
А Көкүлов мындай эскертүүгө «статусу мэрдикинен жогору жана ага өзүн кантип алып жүрүүнү үйрөтүүнүн кереги жоктугун» белгилөө менен жооп берген.
(Видео 24kg маалымат агенттигинен алынды)



