Коом
Ош шаарындагы батирлердин биринен 74 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды

Ош шаарында батирлердин биринен 74 жаштагы карыянын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Краснофлотский көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн батирлеринин бекилип калган эшигин ачышканда 1950-жылы туулган Б.Л. аттуу аял кишинин сөөгү табылган. Кийин маркумдун сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берилген.
Эшик ачууга Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.



