Кызыктар
Байлык чакыруучу ырымдарга ишенесизби?

Ырым-жырым жана аларга болгон ишеним же ишенбөөчүлүк ар бир адамдын өзүнүн жеке тандоосу. А биз жөн гана ушул убакка чейин эл арасында айтылып жүргөн, акчаны көбөйтүү боюнча жасалуучу ырымдарды чогултуп койдук. Албетте, «алма быш, оозума түш» деп жатып алып, айтылган ырымдарды жасай салсаң эле акчаң көбөйүп кетет. Мында орус элинин учкул сөзү туура келет — «На Деда Мороза надейся, а сам не плошай!»
- Келген конокко дайыма дасторконду кенен жайыңыз, колуңузда болгондун баарын жайнатыңыз, алардын каалашынча тоюнууларына мүмкүнчүлүк бериңиз. Алар кеткенден кийин дасторконду эшикке күбүп коюңуз. Ошондо үйүңүздөн береке кетпейт.
- Акчаны кимдир бирөөгө берүү керек болсо, мейли ал карызга сурасын же сиз карызыңызды кайтарып жатасыз же башка макулдашуулар үчүн болсун — эртең менен бериңиз. Ошондо колуңуздан эч убакта акча кетпейт.
- Столдун үстүнө ачкычты, бош баштыкты, бош бөтөлкөнү койбоңуз, аны менен жакырчылыктан кутула аласыз.
- Үйдө дайыма акча болушу үчүн колуңузга акча тийген күнү эле аны коротууга ашыкпаңыз, үйгө алып келип, жаздыгыңыздын алдына коюп коюңуз. Акча бир түн үйдө «укташы» керек. Ошондо берекелүү да болот, үйдө да дайыма акча болот.



