УКМК: Жумгалда маданият бөлүмүнүн кызматкерлери 1,5 млн сомду ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу фактылары аныкталды.
Маданият кызматкерлери көптөн бери өздөрүнө “аванс” түрүндө акча жазып келишкени, бирок алар айлык акыларынан кармабай келгени аныкталган.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында бухгалтердик текшерүү дайындалып, анын жыйынтыгында келтирилген зыяндын суммасы 1 588 115,41 сомду түзгөн.
Мындан улам, суракка алынган Т.Ы., Ж.Т., А.А., Р.М., А.М., Р.Б. жана Г.А. жогоруда көрсөтүлгөн суммадагы акчаны ыйгарып алганын моюнуна алып, келтирилген зыяндын белгиленген өлчөмүн толугу менен толтурган.



