Бири ушак териштирсе, бири куран окутула турганын айтып… Шакиев кесиптештерине трибуна жеке маселеге арналбаганын эскертти

ЖК спикери Нурланбек Шакиев бүгүн парламент жыйынында трибунаны жеке маселелерди чечүүчү жайга айлантпоону депутаттардан суранды.
Ушул эле жыйында депутат Динара Ашимова трибунага чыгып, төрагадан саат 12.30дан 14.30га чейин тыныгуу берип турууну өтүндү. Көрсө, Эрнис Айдаралиев бүгүн куран окутатат экен.
Ага чейинки жыйында депутат Айгүл Айдарова мамлекеттик маселе талкууланып жаткан маалда трибунага чыга калып, кесиптеш айымдардын ортосундагы ушак сөздөргө жооп берүүгө киришкен. «Арттымдан сөз айтпагыла, болбосо бирди көрөсүңөр» дегендей эле мааниде сөөмөйүн кесеп сүйлөгөн депутат айым коомчулуктан талкуусунда калган болчу.
Булардын баары жедеп көкөйүнө тийдиби бүгүн спикер агынан жарылды.
«Урматтуу депутаттар, сиздерди регламентке ылайык иштөөгө чакырам. Жеке, ички иштериңерди пленардык жыйынга алып чыкпагыла деп суранам. Мындай нерселерден улам парламенттин атын булгаган сөздөр айтылып кетип жатат. Өткөн жумада бир кесиптешибиздин билдирүүсүнүн айынан… Өзүңөр көрүп жатасыңар», — деди Шакиев.



