Коом

Талиева айдоочулук мектептерге лицензия берүүнү катаалдаштыруу керек дейт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева айдоочулук мектептерге лицензия берүү талаптарын катаалдаштырууну сунуштады.

Айтымында, өлкөдө айдоочулук мектептери абдан көп болуп кетти, ошондуктан лицензия берүүнү азайтуу керек.

«Ал мектептерде окугандардын 90 пайыздан ашууну сынак тапшыра алышпайт. Демек айдоочулук мектептердеги билим деңгээли начар. Сандан сапатка өтүшүбүз керек», — деди Талиева.

Ошондой эле ал мамлекетик жана жеке менчик айдоочулук мектептерге талап бирдей болушу керектигин белгиледи. Аларга анализ жүргүзүлөбү, кандай окутушат жана алардын рейтинги чыгарылабы деген суроолор депутатты кызыктырды.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Рустам Жокоев Кыргызстанда 328 айдоочулук мектептери бардыгын айтты, анын ичинде 73ү мамлекеттик, калган 255и жеке мектептер. 2022-жылы 69 айдоочулук мектепке лицензия берилсе, 2023-жылы 152 лицензия берилген.

«Ай сайын рейтинг чыгарылып турат. Ага караганда жеке менчик мектептердин позициясы жогору», — деди.

Ал эми Камила Талиева жол кырсыктарынын көбөйүп жатканына токтолуп, сынактарды катаалдаштыруу зарылдыгын айтты. Ал белгилегендей, мурда айдоочулук күбөлүк алуу жеңил болгон. Азыр сынактар бир топ оордошту, бирок ага карабай көзөмөлдү күчөтүү керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button