Коом

УКМК: Айрым микрокредиттик уюмдардын иши текшерилет

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, карыз алуучулардан келип түшкөн даттанууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ири жеке микрокредиттик уюмдардын ишин төмөнкү жагдайларга байланыштуу текшерүүгө алууда:

— Жеке жана юридикалык жактарга насыя берүүдө пайыздык ченемдердин сакталбагандыгы (жылдык 33% дан көп эмес);

 — Жеке жана юридикалык жактарга кредит берүү жол-жоболору бузулган учурда (Кредиттин максималдуу суммасына карата талаптарды айланып өтүү үчүн кредит берүүнүн бытырандылык фактылары бар);

 — милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында көзөмөлдөөчү  органдарга жалган маалыматтарды (отчетторду) берүү;

Ошону менен бирге, КР УКМК жеке жана юридикалык жактарды кредиттөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликке алып келерин эскертет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button