Коом

Бейшеналиев: Медиктерди милиция жана аскер кызматкерлериндей эле коргобосок болбойт

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медиктерди коргоо боюнча мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңешке жөнөтүлөөрүн айтты.

Ал белгилегендей, мыйзам долбоорго ылайык, медицина кызматкерлери милиция жана аскер кызматкерлеринин деңгээлинде коргоого алынат.

«Медицина кызматкерлерин сабаган учурлар катталганда, көбү көңүл бурулбай калып кетип жатат. Ошондуктан аларды коргоо чаралары көрүлүүдө. Мисалы, эгерде милиционерге же аскер кызматкерине кол салынса, кол салган адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ошондой эле чараны медиктерге карата да сунуштап жатабыз.

Жакында эле тез жардам кызматкерлери чакыруу менен бир үйгө барышкан. Дарыгерлер ооруган адамга жардам көрсөтүп жатканда үйдөгү мас абалындагы коноктор аларга кол салышкан. Мындай окуялар абдан көп. Жакында эле бир дарыгер ушундай кол салуудан кийин ооруканада дарыланып, чыкты», — деди министр.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button