Коом

Мэр «таракандарды кубалап жүрүп депутат болгон Көкүлов менин билимиме асылбасын» дейт…

Токмок шаарынын жакында депутат Эрулан Көкүлов менен конфликтке барган мэри Максат Нусувалиев Супер ТВга берген маегинде ал тууралуу өзгөчөлүү пикирин билдирди.

Эске салсак, депутат мэр менен Токмокто курулуп жаткан спорт залга байланыштуу маселеде кайым айтышып кеткен. «Мен депутатмын, менин статусум сеникинен жогору», — деген анда депутат.

Мэрдин айтымында, Көкүлов анын кабылдамасына келген. Ал аны дароо кабыл алган. Депутат иш бөлмөсүнө камера көтөргөн жандоочулары менен кирген. Мэр андан камераны өчүрүүнү суранган. Алар макул болушкан эмес. Ошентип, биз күбө болгон талаш-тартыш тартылган.

«Андан кийин спорт залга бардык. Жолдо оройлук менен суроолоруна жооп берүүмдү талап кылды. Мага ушундай сезилди, ал жооп алууга эле келбеген. Кыязы, ага жаңжал керек болду окшойт. «Эрулан мырза, сиз суроо берип жатасыз, бирок менин жообумду уккан жоксуз», — дедим. Ал бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаты экенин белгилеп, мен анын алдында унчукпай турушум керек дегендей ишарат кылды. Ушул нерсе менин чыдамымды кетирди.

Биз парламент депутаттарын сыйлайбыз, бирок депутаты болобу же карапайым жаранбы, адамга адамдай сый-урмат менен мамиле кылуу керек. Ошондо мен да ага ошондой мамиле кылам. Ал сыягы, эгер катуурак сүйлөсө мени коркуп калат деп ойлоду окшойт. Мен кандай туура ойлосом ошондой жооп бердим. Ал кыйкырып баштады. Мен кыйкырбоосун өтүндүм. Ал жаңжалдашуу үчүн эле атайын келгендей сезилди.

Эгер депутатты ошол залдын акыбалы тынчсыздандырса, куруучуларды, подрядчиктерди чакырмак. Ал ал турмак ага көрсөтүлгөн актыларга да көңүл бурган жок.

Бул эмне деген оройлук, колун чөнтөккө салып алып, бизге бир гана Эрулан иштеп, өлкөнү өнүктүрүп жаткандай, калганы келесоодой кайрылганы. Мамлекеттик кызматтарда көп жылдан бери иштеп жатам, жөнөкөй кызматкерден тартып жооптуу милдеттерди да аркаладым. Ар бир этапта Мамлекеттик кадрлар кызматына билим деңгээлимди далилдедим. Андан кийин эле таракандарды кубалап жүрүп депутат болгон адам келип менин билимиме баа берип жатат… Эгер биз мыйзамсыз иштесек же ал айткандай «жеп» койсок, жооп берүүгө даярбыз. Бирок курулуш али аягына чыга элек. Августта мен объектти текшерип, кабыл алган эмесмин», — деген мэр.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button