Коом

Бишкекте мыйзамсыз курулган 5 миңдей турак жайдын кызыл китеп алууга мүмкүнчүлүгү бар

Бүгүнкү күндө Бишкектин аймагына караштуу жердлерге мыйзамсыз курулган турак жайларга 12 553 техпаспорт берилди. Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалынын директорунун орун басары Мирлан Исмаилов Биринчи радионун эфиринде билдирди.

«Техпаспорт ошол турак жайдын ээлерине балдарын бала бакчага, мектепке жайгаштырууга, жакынкы полклиникаларга каттоого турууга жардам берет. Ошондой эле 2517 кызыл китеп берилди. Бишкек мэриясынын алдында Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти бар, биринчи ошол жакка арыз жазылат. Учурда ал жерде 10 миңден ашуун жарандын арызы турат. Анан “Бишкекбашкыархитектура” тарабынан жер участогунун планы чийилип берилет. Санитардык норма, кызыл сызык шаардагы тийиштүү мекемелер тарабынан мыйзам чегинде каралат. Ушул сыяктуу процедуралардан кийин гана бизге келет. Ошону менен азыр Бишкек шаарында 5 миңден ашуун турак жай кызыл китеп алууга мүмкүнчүлүгү бар. Мыйзамдаштыруу зарыл болгон турак жайлар көбүнчө таштанды полигонунун, мүрзөлөрдүн жанында, туура эмес жерлерде салынып калган. Азыр алар “Бишкекархитектура” тарабынан каралып жатат. Административдик – аймактык реформа менен караганда, мыйзамдаштыруу талабына көп үйлөр кирүүдө», — деди ал.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын апрель айында “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамына кол койгон. Бул мыйзамдын максаты – Бишкектин жана өлкөнүн башка аймактарындагы убагында мыйзамсыз курулган турак-жайларды мыйзамдаштыруу болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button