Коом

УКМК: Ысык-Ата РИИБнын мурдагы башчысы жана Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандайя,  УКМК тарабынан документтерди жасалмалоо, объекттерди мыйзамсыз басып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Ата райондук ИИБнын мурдагы башчысы А.А.К. жана Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы Р.Т.Р. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2023-жылы Р.Т.Р. жайыт комитетинин отурумунун протоколун жасалмалап, А.А.К.га  Жээк айыл өкмөтүндөгү эс алуу аймагы үчүн 2 га айыл чарба багытындагы жер участогун мыйзамсыз бергени аныкталган. Көрсөтүлгөн жерге туруктуу имараттар курулуп, “A.R.Z.” эс алуу борбору уюштурулган.

КР УКМК мыйзамсыз берилген мүлктөрдү мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button