Коом

Турак жайларга берилүүчү кызыл китеп менен техпаспорттун кандай айырмасы бар?

Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалынын директорунун орун басары Мирлан Исмаилов Биринчи радиого берген маегинде түшүндүрдү.

Айтымында, үй ээси техпаспорт алгандан кийин турак жайды толук мыйзамдаштыруу үчүн андан аркылуу процедуралардан өтүшү керек.

«Өкмөттүн 2009-жылы чыккан токтомунун алкагында, биз мыйзамсыз салынган үйлөргө техпаспортту колдонуучу деп бердик. Үч кошунасынын тастыктоосунан кийин ошол турак жай ошол адамдын колдонуусунда деп гана берилет. Техпаспорт алышкандан кийин Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментине арыз менен кайрылуулары керек. Ал жакта арызды комиссия карайт. Анын негизинде “Бишкекбашкыархитектура” ал жерге үй курууга болот же болбойт деген тыянагын чыгарат. Андан соң администрациянын токтому чыгат да, кийинки процедурада бизге, Мамлекеттик каттоого келет. Биз токтомду каттап, мамлекеттик актыны беребиз. Ошону менен бүттү болуп эсептелинет», — деди ал.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын апрель айында “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамына кол койгон. Бул мыйзамдын максаты – Бишкектин жана өлкөнүн башка аймактарындагы убагында мыйзамсыз курулган турак-жайларды мыйзамдаштыруу болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button