КоомСаясат

Акылбек Жапаров Бишкектеги бир катар көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы бир катар көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Анда министрлер кабинетинин төрагасына А.Бакаев көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки, ошондой эле Ю.Фучик көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Товарный көчөсүнө чейинки аралык боюнча долбоор көрсөтүлдү.

Министрлер кабинетинин башчысы көчөлөрдү долбоорлоодо борбор калаанын аймагынын соңку кездери кеңейип баратканын жана жыл сайын автоунаалардын көбөйүшүн эске алуу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы мэриянын карамагындагы бардык объектилерди инвентаризациялоону тапшырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button