Окуялар

Казакстанда ММА мушкеринин жансыз денеси таштандыдан табылды

Актауда мурдагы ММА мушкери Вусал Жафаровдун сөөгү табылгандан кийин Мангистау облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы иштин айрым чоо-жайын ачыктады. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

Маалыматка караганда, жансыз дене 20-сентябрда 22:30 чамасында табылган.

«Окуя болгон жерди текшерүү учурунда маркумдун жанынан шприц, байпагынан баштыктагы зат табылган. Маркумдун мурда да каракчылык фактысы боюнча соттолгондугу аныкталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, Жафаровдун жансыз денеси Актау шаарындагы 3-кичи райондо таштанды контейнерлеринин жанынан табылганы мурда кабарланган. Айрым колдонуучулар аны сабап кетишкенин, денеси бир нече күн көчөдө жатканын айтышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button