АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин Кыргыз Республикасындагы миссиясында жаңы директор дайындалды

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасындагы миссиясынын жаңы директору болуп Сара Верт айым дайындалганын кубаныч менен кабарлайт. Верт айым өз милдетин расмий түрдө 2024-жылдын сентябрь айында баштады. Анын эл аралык өнүктүрүү жана дипломатия тармагында жыйырма жылдан ашык тажрыйбасы бар.
Кыргыз Республикасына дайындалганга чейин Верт айым USAIDдин Нигериядагы миссиясынын директорунун орун басары болуп иштеген. Ал жерде Верт айым саламаттыкты сактоо, экономиканы өнүктүрүү, билим берүү жана демократиялык башкарууну камтыган түрдүү портфелди башкарган. Ал ошондой эле Тунис, Гондурас, Гватемала, Колумбия жана Бангладеш сыяктуу дүйнө жүзү боюнча USAIDдин миссияларында көптөгөн жетекчилик кызматтарды аркалаган.
«Мен USAIDдин Кыргыз Республикасындагы командасына кошулганыма сыймыктанам жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө, саламаттыкты сактоонун натыйжаларын жана демократиялык башкарууну жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын эли жана өкмөтү менен өнөктөштүктү бекемдөөнү чыдамсыздык менен күтөм», — деди Верт айым.
Верт айым Джонс Хопкинстин Эл аралык алдыңкы изилдөөлөр мектебинде эл аралык мамилелер боюнча магистр даражасына жана Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин алдындагы Улуттук аскер колледжинде улуттук коопсуздук стратегиясы боюнча магистр даражасына ээ. Ал Огайо штатынын Кливленд шаарынан болот.
Акыркы 20 жылдын ичинде Америка эли USAID аркылуу Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүн колдоого 800 миллион доллардан ашык салым кошту. Бул каржылоо түрдүү сектордогу прогрессти, анын ичинде бизнести жана сооданы алдыга жылдыруу, билим берүүнү жана айыл чарбасын жакшыртуу, көз карандысыз ММКны колдоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен саламаттыкты сактоону бекемдөөгө жардамдашты. USAID ошондой эле өлкөдөгү COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө маанилүү өнөктөш экендигин тастыктады.



