Коом
Салык кызматкерлери ишкерлерди түндө текшергени мыйзамдуубу?

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитетинин жыйынында депутат Бекмурза Эргешов Салык кызматынын кызматкерлери ишкерлерди кечинде ККМ чектерин бериши боюнча текшерсе болобу деп сурады.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов мындай текшерүүлөр мыйзамдуу экенин айтты.
«Рейддин жүрүшүндө жана кечки убакта, эгер бул салык төлөөчүлөрдүн режимине туура келсе, текшерсе болот. Мисалы, түнкү клубдан түндө иштешет, ошондуктан аларды түндө текшерүүгө туура келет», — деди Умтулов.



