Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан дүйнөгө эгемендүүлүгүн сактай билген өлкө катары таанылууда

Кыргыз президенти БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өткөн Келечек саммитин глобалдуу маселени туура өңүтүндө көтөрдү, деп эсептейт дипломат, саясат таануу илимдеринин доктору Аликбек Жекшенкулов.
Ал Биринчи радиодогу түз эфирде президент көтөргөн маселе бир гана Кыргызстанга эмес, дүйнө өлкөлөрүнө тиешелүү экенин белгиледи.
«Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу мөңгүлөрдүн ээриши сыяктуу маселелер бир гана Кыргызстанга эмес, дүйнөдөгү бардык тоолуу өлкөлөргө тийиштүү. «Менимче, дүйнөдө 50дөй тоолуу өлкө бар. Деги эле бүт дүйнө кыйынчылыкка дуушар болууда. Анткени климаттын өзгөрүшүнөн улам муздар ээрип, жылуу жерлерде суук, суук жерлерде ысык аба ырайы орун алып жатат. Мына, жакында эле Түштүк Африкада кар жаап, эли да, табияты да кыйналды. Ошондуктан климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча жасалчу иштер көп.
Кыргызстан эгемендүүлүгүн колго алгандан кийин дүйнө коомчулугуна 3-4 жолу революциясы менен таанылды. Эми эгемендүүлүгүн сактаган, өз жолун чапкан мамлекет катары ордун табууда. БУУ мамлекеттердин жетекчилери алмашкан сайын карап турушат, ал эли, мамлекети үчүн күйүп жатабы же өз кызыкчылыгына иштөөдөбү деп. Бүгүнкү күндө биздин өлкө жетекчилигине элдин маанайы жакшы, үмүт бар. Ошол себептен биз тараптан көтөрүлгөн маселе көңүл сыртында калып кетпейт деп ишенем. Учурда элибиз дагы, айрыкча жаңы муун өзү аракет кылып, иштермандык, билим жагынан алдыга кетүүгө аракет жасоодо. Бул жагын да карап көрүп, Кыргыз мамлекети жакшы жолго түштү, прогресске, демократияга умтулууда деп баалап, жардам берүүнү колго алышаарына ишеним чоң», — деди Аликбек Жекшенкулов.



