Коом
УКМК текшергенден кийин 120 күрөөкананын ээси жылдык пайыздык ставкасын 43%га чейин түшүрүүгө милдеттендирилди

Атайын кызмат билдиргендей, кээ бир күрөөканалар очойгон үстөк пайыз (200%дан ашык) менен карыз берип, коюлган автоунааларды кожоюнуна айтпастан колдонуу фактылары аныкталган.
Эртең Экономика министрлигинде бардык күрөөканалардын жетекчилерин чогултуп, иштөөнүн жаңы эрежелери тууралуу айтып беришет.



