Коом
Кыргызстанда текшерүүдөн өткөн аялдардын 26 пайызынан коркунучтуу дарт аныкталган

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, өлкөдө жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабети аялдар арасында кеңири жайылдууда.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын октябрь айында 400 миңден ашуун аял «Аялдар ден соолугу» айлыктын алкагында, биринчи медициналык-санитардык мекемелерде профилактикалык текшерүүдөн өтүшкөн. Алардын 103 миңи жогорку тобокелчилик тобуна кошулган. Ошондо 26 пайызы.
Бул жылы да 1-октябрдан тартып өлкөдө «Аялдардын ден соолугу» айлык башталды. Анын алкагында поликлиникалардан медицина кызматкерлеринен инфекциялык эмес оорулар тууралуу кеңеш алууга болот.



