Коом
Кыргызстандык 199 абитуриент Сибирдеги жогорку окуу жайларынын студенти болду
2024-2025-окуу жылында Кыргызстандан 199 абитуриент Россиянын Сибирь аймагындагы жогорку окуу жайларына тапшырган жана алардын 195и бюджеттик негизде билим алышат. Бул тууралуу КР ТИМ билдирди.
Маалыматка караганда, бул Кыргызстандын Новосибирскдеги Башкы консулдугунун жана Омск жана Томскдагы ардактуу консулдарынын биргелешкен аракетинен улам болду.
Ошондо: Томск мамлекеттик университетине — 105, Томск архитектуралык-курулуш университетине — 22, Новосибирск техникалык университетине — 30 студент ж.б. кабыл алынды.