Коом

Бишкек мэриясы башаламан соода менен күрөшүүдө жаңы ыкмаларды сунуштады

Муниципалитет шаар аткаминерлерине эреже бузгандарга чара көрүү укугун берүү керек деп эсептейт.

Бишкек мэриясы башаламан соода менен күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын сунуштап жатат.Учурдагы мыйзамда уруксат берилбеген жерде соода кылган жеке тараптарга 3 000 сом айып пул каралса, юридикалык жактарга 13 000 сом чегерилет. Мэриянын мыйзамында бул норма сакталып, айып салууну муниципалдык территорияда, тротуарда, унаа токтотуучу жайда, аянттарда, сейил бактарда, маданий эстеликтер менен социалдык, маданий жана тиричилик маанидеги объектилердин жанында туруп соода кылгандарга да жайылтуу каралган.

Мындай кадам менен мэрия сооданы жөнгө салууну көзөп, шаардын аткаминерлерине эреже бузгандарга айып пул чегерүү укугун берүүнү сунуштоодо.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button