Коом

Бир канча мамлекеттик ишкана «Газпромго» 670 млн сом карыз

Бир нече мамлекеттик ишкана «Газпром Кыргызстан» компаниясына 670 млн сомго жакын акча карыз. Бул тууралуу компаниянын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирди.

Алдаяровдин айтымында, анын ичинен «Бишкекжылуулукэнерго» 180 млн, Бишкек ЖЭБи 330 млн сом, «Токмок жылуулук» 70 млн сом жана «Кыргызжылуулукэнерго» 70 млн сом карыз.

«Мен март айынан бери «коллектор» болуп эле жүрөм. Өзүмдүн акчамды сурап жаткандай эле ар бир мекемеге, акимге, мэрге кирип суранып жүрөм», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button