Коом
Бейшеналиев “Саламаттыкты сактоо министрлигине каршы иштегендер тараткан имиштерди” жокко чыгарды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” эфиринде азырынча медицина кызматкерлеринин айлыгынын эмгекке катышуу коэффициенти азырынча алынбай турганын айтты.
Ал белгилегендей, эмгекке катышуу коэффициенти 100 пайыз алынбай, анын негизинде маяналар 100 пайыз жогорулайт.
“Канча реформа болсо да, реформага каршы адамдар болот. 1-июлдан тартып коэффициентти алып салышат, 1-сентябрдан алып салышат деген имиш тараган. Саламаттыкты сактоо министрлигине каршы иштегендер да бар”, — деди ал.
Белгилей кетсек, медицина кызматкерлеринин маянасы жумуш убактысынын аткарылышы жана эмгекке катышуу коэффициентин эсепке алуу менен эсептелет.



