Саясат
КР президенти Жапаров Канаданын премьер-министри менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Глазго шаарында (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгы) Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин аянтчасында Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Аталган иш-чаранын алкагында мамлекет башчысы Канаданын Премьер-министри менен жеке таанышуусу орун алды, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты.



