Коом

Баткенде 100 жаштагы энеге акчалай белек берилди

Карылардын эл аралык күнүнө карата Баткен облусунда 100 жаштан ашкан 12 тургунга акчалай сыйлык берилди. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүАбдикарим Алимбаев  Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында жашаган 100 жаштагы Шарапат Бөдөновага барды.

 Ал Шарапат Бөдөнөвага президент Садыр Жапаровдун куттуктоо катын берди, ошондой эле акчалай сыйлык берилди.

Шарапат Бөдөнова СССР маалында колхоздун пахта талаасында эмгектенген. Эки баласы, 11 небереси жана 20 чебереси бар.

Облуста 100 жаштан ашкан 12 тургун жашайт. Алардын баарына президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан акчалай сыйлыктар берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button