Коом

Расул Маматкулов Оштон Бишкекке тик учак менен жеткирилди

Ырчы Расул Маматкулов ишемиялык инсульт алды. Бул тууралуу кызы Айгерим Расул кызы соцтармактагы баракчасы аркылуу маалымдады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от AIGERIM RASUL KYZY (@aigerim_rasul_kyzy)

«Кудайга шүгүр азыр атам жакшы! Атамдын ден соолугуна кам көргөн инсандарга ыраазычылык билдиребиз!

Ата-энем. Өмүр бою жашоонун таттуусунда, ачуусунда да бирге! Бир ай мурун атам Ошко учуп барып, кан басымы көтөрүлүп, ишемичный инсульт алып оор абалда бейтапканага түшкөн. Ошол замат апам борбордон учуп келип, атамды вертолёт менен Бишкеке алып жөнөгөн. Чындыгында апамдын курчтугуна, кыйындыгына суктандым… Негизи ошол бейтапканада деле даарылансак болмок, бирок апам кооптонуп…атамды дайыма көзөмөлдөп турган, өзүнүн даарыгерлерине жеткиргиси келди. Айтайын дегеним адамзат үчүн турмуштун ысыгында, суугунда кандай кырдаал болбосун… өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон ушундай түгөйүн бар болгону кандай бакыт! Эч кимдин ата-энеси оорубасын. Азыр шүгүр баары жакшы», — деп жазды Айгерим Расул кызы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button