Коом

Видео — Мыйзамсыз менчиктештирилген объект мамлекетке өттү. Баасы 3 миллиард сомдон ашуун

«Ак-Була Араван пахта заводу» ААКсынын 11,14 га жер аянты мамлекеттин балансына кайтарылды. Ал көптөн бери иштебей, чарба жүргүзүүчү субъекттердин соода аянтчасы катары пайдаланылып келген.

УКМК билдиргендей, баалоо иштеринин жыйынтыгы боюнча жер тилкесинин баасы 3 миллиард 217 миллион сомду түздү.

Маалым болгондой, 1997-жылы Араван районунун айрым кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пахта заводун чет элдик Р.В.А. аттуу жаранга мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп беришкени аныкталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button